СОДЕЙСТВИЕ И ПОМОЩЬ

Бейшекеев Дамир

Төрага

talaskoomu@gmail.com

 

Урматтуу Мекендештер!

Талас коомунун мүчөлөрү!
   
Ар бириңиздер көңүл коюп окуп чыгасыздар деп ишенем.
Биздин коомго мүчө болуп кирүу учун, Москва жана Подмосковьеде эмгектенген жердештер, бир айга 200 рубль өлчөмүндө Коомдун мүчөлүк взносун алдын ала төлөгөндөн кийин, коомго мүчө болуп кабыл алынат.
Эскертүү: Ал чогулган каражат Москва жана Подмосковьеде эмгектенип жүргөн, жана Коомдун фондуна  мүчө акы (взнос) төккөн Таластыктарга, кокус кырсыкка кабылып же катуу ооруп, жардамга муктаж болуп калса, ошондой эле маданият, спорт, билим тармагында жаштарыбызга колдоо көрсөтүү үчүн жана Москва шаарындагы башка коом, уюмдар менен ынтымак, алака иштерин өнүктүрүүгө жумшалат деп чечилген.
Намыс үчүн, коомубуздун келечеги кеңейип, алгылыктуу иштерге биздин Талас элинен да катышып, көр тирилик деп жүрө бербей, бардык тармакта активдүүлүк көрсөтүп, коом үчүн күйгөн гана жарандардан бололу.
Талас эли намыстуу элбиз!
Биримдикте алдыга жылабыз деп сиздерге ишенебиз.

Бул чечим жалпы коомубуздун мүчөлөрү, Талас элинин атынан кабыл алынды.
Каражатты жиберүүчу карта, Сбербанк картасы
5484 3800 1623 2290 Эльвира Таалайбековна 

Урматым менен Талас коомунун төрагасы Бейшекеев Дамирбек Чоконович.

Сооронбаев Надыр

Төраганын орун басары

talaskoomu@gmail.com

ЖАРЫЯ:
УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР!
Россия Федерациясынын аймагында жашап, иштеп жаткан кыргыз жарандары!

"Миграциялык мунапыстын" алкагында  регистрациясы жок жургон жарандар Россиянын аймагынан чыкпай эле миграциялык картасын жаңыртып алса болот.

Ал үчүн ушул жылдын 22 апрелине чейин Миграция боюнча Башкы башкармалыгынын жергиликтуу райондук бөлүмүнө кайрылыш керек.

Жетишип калыңыздар, убакыт аз! 

Толугураак маалымат алуу үчүн төмөндө телефондор көрсөтүлгөн.

Уважаемые граждане Кыргызской Республики!

В период с 1 апреля по 22 апреля 2019 года гражданам Кыргызской Республики, нарушившим сроки пребывания в Российской Федерации, представляется возможность получить новую миграционную карту без выезда за пределы России. 

 Для этого, гражданам Кыргызской Республики, подпадающим под действие «миграционной послаблении» необходимо в обозначенный период времени  явиться в любое районное отделение по вопросам  миграции МВД РФ с действующим паспортом Кыргызской Республики (ID-картой либо заграничным паспортом), где ему будет выдана новая миграционная карта.

Граждане, у которых отсутствуют паспорта, для того чтобы воспользоваться «миграционной амнистией», необходимо оформить Свидетельство на возвращение в Кыргызскую Республику в ближайшем консульском учреждении КР,  выехать из России до 22 апреля 2019 года и в любые сроки въехать обратно в Россию с новым паспортом.

Посольство КР в РФ призывает граждан КР, находящихся в России с нарушением сроков пребывания, воспользоваться такой возможностью.

Для получения уточняющей информации можно обратиться по тел. горячей линии Посольства и Представительства Государственной миграционной службы при Правительстве Кыргызской Республики в г. Москва: +79251032911, +74992383304, +79252917272, +74957807413, +74957807412,  +74957807410

СООБЩИТЕ СВОИМ ЗНАКОМЫМ, РОДСТВЕННИКАМ И ДРУЗЯМ!!!

Рыскулова Жазгул

Катчы

talaskoomu@gmail.com

 

ЧАКЫРУУ!
Урматтуу "Талас Биримдиги" коомунун жалпы мүчөлөрү,
Сиздерди  9-май Улуу Ата- Мекендик согуштун жеңиш  күнүнө карата арналган,
"ЫНТЫМАК жааматы" тарабынан уюштурулган , "Футбол чемпионатына" чакырабыз!
 

Дареги; ст метро Крылатская
ул. Островная д. 2
4 май саат 9:00 башталат.

Сайылуучу байгелер
1-  орун       15000₽🥇
2-  орун       10000₽🥈
3-  орун         7000₽🥉
жана башка сыйлыктыр.

Каттоодон өтүү:
20- апрельге чейин кабыл уланат, командалардын саны чектелүү.

Сурап билүү тел номери
89266761773  Азат.

Сулайманов Бакыт

Спорт комитетининин жетекчиси

talaskoomu@gmail.com


ЖАРЫЯ!

Урматтуу МОСКВА шаарында жашап , эмгектенип жүргөн мекендештер,
Сиздерге  КЫРГЫЗ КҮРӨШҮ боюнча машыгуу залы ачылды,
Келип машыгып кетсеңиздер болот. Машыктыруучулар; Кыргыз күрөшүнүн чемпиону:
Качкынбаев Белбоо 
Грек-рим күрөшүнөн чемпиону:
Сулайманов Бакыт

Байланыш тел/номери 
Бакыт Сулайманов 89167820596

Дареги метро Авиамоторная, ул. Авиамоторная 40
Дворец спорта им Ивана Ярыгина


Март айына тренировканын расписаниеси;

1-занятие: 12 марта 21:00 до 22:30
2 занятие: 14 марта  21:00 до 22:30
3 занятие: 16 марта  19:00 до 20:30
4 занятие: 19 марта 21:00 до 22:30
5 занятие: 21 марта 21:00 до 22:30
6 занятие: 23 марта  19:00 до 20:30
7 занятие: 26 марта 21:00 до 22:30
8 занятие: 28 марта  21:00 до 22:30
9 занятие: 30 марта 19:00 до 20:30

Жапаров Мирлан

Кенешме топтун мучосу

talaskoomu@gmail.com


Ыр кесени "Талас коому Общество Талас" ютуб каналдан корсо болот. Адреси: https://www.youtube.com/channel/UCMVxJPGjY9nGPb8L4QfArsA

Сооронбаев Надыр

Төраганын орун басары

talaskoomu@gmail.com

Москва шаарындагы жана Москва областындагы кыргыз диаспорасынын Координациялык Кеңешинин жыйынынын
№ __ ПРОТОКОЛУ
30.03.2019                                                                                         Москва шаары

Жыйындын башталган убактысы:        15:30 
Жыйындын аяктаган убактысы:            18:00
Жыйындын төрагасы:    Р.А.Аттокуров
Жыйындын  катчысы: Т.Т.Токтобекова
Катышкандар:  __киши (тизме тиркелет)

Күн тартиби:
1.    Координациялык Кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоо
2.    Координациялык Кеңештин түзүмүн бекитүү
3.    Координациялык Кеңештин пландарын талкуулоо 
4.    Миграциялык жана коомдогу болуп жаткан ар түрдүү маселелер туурасында талкуулоолор жана сунуш-пикирлер

Жыйындын жүрүшү:
•    Координациялык Кеңештин төрагасы Раимкул Арзимаматович төрага орун басарларына Буга чейин да эки жыл төраганын орун басары болуп иштеп келген, кесиби юрист Сооронбаев Надырбек Тойкулуевичтин жана Москва шаарында 4 жыл сот системасында эмгектенuty Эрназаров Асылбек Абибиллаевичтин талапкерлигин сунуштап, бир добуштан Координациялык Кеңештин төрагасынын орун басарлары дайындалды.
•    Координациялык Кеңештин түзүмү да талкууга алынып, шайлоонун жыйынтыгы менен ар кыл багыттар боюнча иш алып барган комитеттер түзүлдү.
Москва шаарындагы жана Москва областындагы кыргыз диаспорасынын Координациялык Кеңешинин түзүмү: 
1.    Илим-билим жана эл агартуу комитети
2.    Тил жана адабият комитети 
3.    Маданият комитети
4.    Спорт комитети
5.    Юридика, миграция жана укук коргоо комитети
6.    Социалдык маселелер комитети
7.    Эл аралык мамилелер комитети
8.    Дин иштери боюнча комитет
9.    Экономика жана бизнес комитети
10.    Аялдар комитети
11.    Жаштар комитети
12.    Балдар жана ата-энелер комитети
13.     Жалпыга маалымдоо каражаттары комитети

Координациялык Кеңешинин курамында түзүлгөн комитеттердин жетекчилери жана жооптуу иш алып баруучулары жыйындын катышуучулары тарабынан көрсөтүлүп, ар бир талапкер добушка коюлуп, дайындалды. 
Комитеттердин жетекчилери жана жооптуу иш алып баруучулары:
1.    Илим-билим жана эл агартуу комитети - Шамилов Эртабылды, Опузбекова Гулназ; 
2.    Тил жана адабият комитети - Бапанов Багытбек, Мамасадыкова Айжан;
3.    Маданият комитети - Туралиева Майрам;
4.    Спорт комитети - Мамбеткулов Максатбек, Жантөрөев Мыктар, Жаманбаев Бакытбек;
5.    Юридика, миграция жана укук коргоо комитети – Эрназаров Асылбек, Ибраев Муктар, Аттокуров Алмаз, Курбаналиев Шайлообек жана Исиров Сыдык;
6.    Социалдык маселелер комитети:
    Өзгөчө кырадаалдар маселелер бөлүмү: Кошматов Улан;

    Кайрымдуулук жана камсыздандыруу маселелер бөлүмү: «KG-RUSS» кайрымдуулук фонду;

    Саламаттыкты сактоо бөлүмү: «Медиктер Ассоциациясы» коомдук фонду;
7.    Эл аралык мамилелер комитети боюнча төрага, төрага орун басарлары жана Опузбекова Гулназ жооптуу;
8.    Дин иштери боюнча комитет - Акжолов Маматжан, Расулбек мырза жана Нургазы мырза;
9.    Экономика жана бизнес комитети - Суранова Элнура, Искендеров Канат жана Садабаев Феликс;
10.     Аялдар комитети - Назаркулова Замира;
11.     Жаштар комитети - Келгенбаев Акжол, Токтобекова Таалайкүл, Отунчиева Гүлшайыр жана Абдукаримова Акбермет; 
12.     Балдар жана ата-энелер менен иш алып баруу комитети:
    Маданий жана оюн-зоок бөлүмү: Алымкулова Бактыгүл;

    Юридикалык жана иш-кагаздары маселелери бөлүмү: Сабаева Жанна жана Жумагулова Дамира
13.     Жалпыга маалымдоо каражаттары комитетинин алдында Төрага Р.А. Аттокуровдун жетекчилигинде редакциялык кеӊеш түзүлүп, курамына Сооронбаев Надырбек, Мамасадыкова Айжан, Опузбекова Гулназ, Жумагулова Дамира жана Токтобекова Таалайкүл бекитилди.

Координациялык Кеӊештин жалпы пландары талкууга алынып, ой-пикир жана сунуштар менен толукталды. Координациялык Кеӊештин курамындагы уюмдардын жана коомдордун ар кыл багытта жүргүзүп жаткан иштерине Координациялык Кеӊеш тарабынан колдоо көрсөтүлүп, жардам берилери айтылды. Төрага коомдор жана уюмдар тарабынан уюштурулуп жаткан иш-чаралардын өткөрүлгөн датасы жана форматы туурасында Координациялык Кеӊешке алдын-ала кыскача маалымат берүү өтүнүчү менен кайрылды.
13-апрелде Москва шаары боюнча жана 20-апрелде Москва областы боюнча өткөрүлүүчү ишембиликтерде Достук паркындагы Манас атабыздын айкелинин жайгашкан аймакты, Даниловский районундагы Павловский жана Подольск шосселеринин кесилишинде жайгашкан Айтматов атындагы скверди тазалоо иштерине жигердүү катышуу маселеси көтөрүлдү.
5-майда «Аруу дүйнө» коомдук фондунун 7 жылдык мааракесине арналган иш-чара боюнча аталган фонддун төрайымы А.Б.Мамасадыкова ой бөлүшсө, Айжамал Иманова Координациялык Кеӊештин колдоосунда иш алып баруу сунушу менен кайрылып, курактарга бөлүү менен багыт берүүчү маданий долбоору жөнүндө маалымат берди.


Жыйындын 
төрагасы:                                                                                           Р.А.Аттокуров

Жыйындын 
катчысы:                                                                                         Т.Т.Токтобекова

 

© 2019 Мирлан Жапаров. Сайт создан на  Wix.com