Самоизоляция вирусту жок кылбайт

Жакында коронавируска карата көрүлгөн чараларды жеңилдете башташат. Муну туура түшүнгүлө. "Карантин" бүттү, эми оорубайбыз деп, ушул убакытка чейин жасаган аракеттерди текке кетирбегиле. Карантиндин эки түрү бар. Чыгарбай тоскон карантин анан киргизбей тоскон карантин. Кытайда Ухань шаарын карантинге жапканада элди чыгарбай тосушкан. Оору тарап кетпесин деп шаарды жабышкан.

Башка өлкөлөрдө болсо (Россия, Кыргызстан) чек араны ооруну киргизбеш үчүн жабышты. Бирок оору бары бир кирет. Аны көрүп турасыңар. Бирөө айласын таап башка жол менен кирет. Бирөө эвакуация болуп өз жерине ооруп келет.

Москвада, жалпы эле Россияда жана Кыргызстанда, Казахстанда элдин көбү ооруй электе даярданганга аракет кылып жатышат. Больницалар курулуп жатат, врачтар бул ооруну кантип дарылап жаткан опыттарын айтып, больницаларга дарылай турган аппаратарды алдырып жатышат. Заводдор ошол аппараттарды жасап жатышат.

Өкмөт түшүнүп турат. Элди көпкө чейин иштетпей отурганга болбойт. Эл жумушу жок, айлыгы жок кыйналып жатат. Ошондуктан аз аздап "карантиндин" режимин жеңилдете баштайт. Ошондо коронавирус жугузганга шарт пайда болот. Абайлагыла, гигиенаны сактагыла. Себепсиз көп эл болгон жерлерге барбагыла. Бул вирус эч жака кетпейт. Болгону бул вируска каршы дары табылганча, врачтар дарылаганды жакшы үйрөнгөнчө, больницалар көп ооруларды дарылаганга даяр болгончо оорубай туралы. Эки үч жылдан кийин бул вирус кадимки гриптей эле көрүнүп калат. Азыр оорубагыла. Самоизоляция вирусту жок кылган жок. Самоизоляция больницаларды даярдаганга, аппараттарды алганга убакыт берди.

Просмотров: 7Комментариев: 0

Недавние посты

Смотреть все

Кыргыз конгресинен маалымат. Абайлагыла жердештер.

Мигранты из Кыргызстана и Наркодиелеры в России! Годы следствия, потеря здоровья, страдания родителей, а самое главное сломанные судьбы Обращение! В последнее время мы как представители общественных и

Таластын көк бөрү командасы 2-орунду алды

Бүгүн Сергиев Посадда болуп өткөн "Руский мир" фестивалында көк бөрү турниринде Таластын командасы 2-орунду алды. 1-орунду Кыргызстандын курама командасы алдыда. Таластын командасын куттуктайбыз!